Алар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен аскер кызматын өтөгөн жерине келип, мунапыс актысын колдонуп бошоно алат.

Бул тууралуу  Бишкек гарнизонунун аскер прокурору, юстиция майору Эдилбек Стакеев билдирди.

Маалыматка ылайык, «Аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзү билип таштап кеткен аскер кызматчыларына,  учурда издөөдө жүргөндөргө кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кутулууга жана мунапыс актысын колдонууга мүмкүнчүлүк бар. 2016-жылдын 9-августунда «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыялоо жөнүндө» КРдин мыйзамы ишке кирди. Мыйзамга ылайык, КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренеси (аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү), 360-берененин 1-бөлүгү (аскерден качуу) боюнча кылмыш жасагандар 3 айдын ичинде, ушул жылдын 9-августунан 9-ноябрына чейин кызмат ордуна же КРдин Аскер прокуратурасына келишсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Анын айтымында, аскер кызматчылары ыктыярдуу түрдө аскер кызматын өтөгөн жерине жана Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына, Бишкек шаары Салиев көчөсу 154 Сверлов аскердик комиссариатына келип кайрылышса болот.

Кошумча маалыматты тактоо учун томонку телефондорго байланышса болот: (0312) 36 73 38; (0550) 66 88 26; (0551) 50 10 58; (0552) 65 55 57.

  • Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы – Баткен облусу, Кадамжай шаары, Киров көчөсү, 30;
  • Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы – Ош шаары, Петров көчөсү, 33;
  • Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы – Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү, 26;
  • Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы – Балыкчы шаары, Кыргызстанга 40 жыл көчөсү, 168.
Бөлүшүү