Муфтияттын өкүлдөрү менен Бишкек шаарындагы №47 орто мектептин окуучулары менен жолугушуп, мектеп тарбиялануучуларына экстремизм, терроризм жана ар кандай терс агымдар боюнча лекция окушту.

Ал эми ИИМ жана ДИМКтен келишкен өкүлдөр экстремизм, терроризмдин кесепеттерин айтышып, окуучуларды терс диний агымдардын азгырыктарынан оолак болууга чакырышты.

Учурда ЖОЖдордо ар кандай терс диний агымдардын алдын алуу боюнча КМДБнын кызматкерлери студенттер менен жолугушуп, бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү