Ушу тапта көптөгөн мамлекеттик мекемелер мурдагы бала бакчалардын имараттарында отурат.
Бул тууралуу «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
Албетте, мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалар боюнча сотко кайрылууга туура келет. Ал эми мамлекеттик органдардын карамагына алынган имараттарды жөн эле алса болот. Бишкек мэриясы менен Маммүлк фондуна тапшырма берүү зарыл.
«Буга чейин бир топ бала бакчалардын имараттары мамлекетке кайтарылып алынды. Эмнегедир бюджетте аларды оӊдоо үчүн каражат каралган эмес. Жогорку Кеӊеш 2015-жылы каражат бөлүү тууралуу токтом кабыл алган. Ал ушул кезге чейин аткарылган жок. 2016-2017-жылдардын бюджетинде каражат бар же жок экенин тактап алышыбыз керек», — дейт ал.