Беттеш саат 20.30да Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Футбол федерациясы билдиргендей, Кыргызстандын курамасы оюн талаасына ак форма кийип чыга турган болду.
Жети жыл мурда Кыргызстан менен Ливандын футболчулары беттешкен. Жыйынтыгында 1:1 эсеби менен аяктаган.
Билеттин баасы 200-500 сомго чейин сатылууда.