Ар бир адам бактылуу болгусу келет.  Бирок,  канткенде бактылуу боло аларын түшүнө бербейт. Көңүлүбүздү көтөрүп тынчтык болгон учурларда  бактылуумун деген сезим жан дүйнөбүзгө орун ала калат да,  кыска убакыттан кийин көздөн кайым болот.

Мугалим Нургиза Таалайбекова ар бир адамдын бактысы өзүндө катылуу экенин айтты.

“Көпчүлүгүбүз бакыт өзүбүздө катылып жатканын түшүнбөй,  аны сырттан издеп келебиз. Анткени жашообуз жана өзгөнү өзгөртүү үчүн берилген мүмкүнчүлүк эмеспи”, — деди мугалим.

Ал эми жеке ишкер Гульзана Кадыралиева бакыт жөнүндө эмне айтат.

“Дүйнөгө жаралганыбыздын өзү бакыт. Ар бир адам өзүнүн жан дүйнөсүндө катылып жаткан байлыгына жараша өз бактысын ар кандай жаратууга жөндөмдүү. Адамдын ички жан дүйнөсүнүн күзгү сымал кайрадан чагылдырылышы”, — деген оюн билдирди.

Студент Айнура Ниймамалиева үчүн бакыт жогорку окуу жайда окуп жаткандыгы.

Автор: Элнура Курманбекова

Бөлүшүү