Бүгүн ЖКда «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституцияны өзгөртүүдө сунуштарды айтууга мүмкүн болбосо, парламенттик угуунун мааниси жок экенин айтты.

Мындан тышкары ал Конституцияны өзгөртүү боюнча демилге мыйзамсыз жол менен кетип жатканын кошумчалады.

“Мен эмнеге жымжырт өзгөртүү киргизгенине түшүнбөй жатам. Алар соттук система менен жергиликтүү башкарууну күчсүз кылып, президент менен өкмөт башчынын күчтөнтөт. Акаев дагы, Бакиев дагы өзгөртүү киргизген, бирок эч кандай олутту өзгөрүү болгон жок”, — дейт ал.

Бөлүшүү