«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт мамлекеттик кызматта иштеген адамдардын жаш курагы боюнча маселени чечиши керек экенин ЖК жыйынында айтты.

Анын айтымында, өкмөт мыйзам талабын так сактап, аларды контракка өткөрүү маселесин чечиши керек.

«Ошондой эле, мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик, муниципалдык, жергиликтүү кеӊештер менен органдарда жетекчилик кызматтарда иштеген адамдарга мамлекеттик кызмат ченин берүү маселесин да тезинен чечүүгө тийиш. Көп кызмат адамдары эки-үч мөөнөт чен албай иштеп кетип жатышат», — деди эл өкүлү.

Бөлүшүү