Алар “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу — 2016-жыл” форумуна катышат.

Аталган жумушчу сапардын жүрүшүндө ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков шамал энергетикасы үчүн жабдууларды өндүрүүчү “Хайчжуан” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышат. Ошондой эле спикер жогоруда белгиленген форумдун алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт. Маселен, Монголиянын  Улуу Хуралынын (парламент) төрагасы Энхболд жана КПК БКнын саясый бюросунун мүчөсү Лю Юньшан менен жолугушмакчы. Мындан сырткары, Чунцин шаарынын мэри Хуан Цифан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Делегация курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Осмонбек Артыкбаев жана Аида Исмаилова бар.

Бөлүшүү