«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбеков өзүнчө орган инвестиция тартуу боюнча иштесе, натыйжалуу боло турганын айтты.

«Экономика министрлигине караштуу инвестиция тартуу бөлүмүн жоюу сунушун айтат элем. Ошондой эле бөлүмдөрдү башка мекемелерден да жоюу керек. Анын ордуна бир орган түзүп, 15 адамды иштетсек жакшы болот», — деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов бул сунушту карап көрө турганын билдирди.