Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарына расмий иш сапары менен барып, “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу — 2016-жыл” форумуна катышышты.

Форумда сөз сүйлөгөн төрага аталган иш-чаранын маанисине токтолду.

«Бул форум өлкөлөр ортосундагы алакалардын жакшырышына шарт түзүү менен бирге мамлекеттердин өз өнүгүү жолун өзү тандап алуусун колдоого алып, ачыктыктын жана маданияттар аралык байланыштын кеңейишине көмөкчү болууда. Айрыкча бүткүл дүйнө үчүн Кытай тууралуу толук маалымат алууга жана Коммунисттик партиянын өзгөчөлүгү, анын көтөргөн демилгелери менен жакындан таанышууга дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деди.

Мындан тышкары ал аталган форумдун дүйнөлүк экономикалык абалга баа берүүдө жакшы аянтча болуп берерине ишенерин айтты.

«Дүйнөдөгү экономикалык кырдаалдардан чыгуунун бирден бир жолу жаңы инновациялык реформаларды ишке ашырууда жатат. Бул жааттан алганда ушул жылдын сентябрь айында Ханчжоу шаарында өткөрүлгөн «Чоң жыйырмалык» Саммитинин экономикалык реформаларга багытталган чакырыктарын белгилей кетүү керек. Тагыраагы, самиттин алкагында көтөрүлгөн саясий алакаларды жакшыртуу жана өнүгүүнүн заманбап инновациялык моделин табуу, өз ара байланышта өнүгүү, ошондой эле, глобалдык экономикалык башкаруудагы жаңылануулар — саясий партиялардын орду жана таасири  тууралуу маселелер «Чоң жыйырмалыкка» кирген өлкөлөрдүн азыркы экономикалык абалга жакшы көңүл буруп жатканын далилдейт», — деди.

Андан тышкары, төрага Кытай менен Кыргызстандын өз ара саясий-экономикалык алакаларына саресеп салды.

«Биз достук мамилени чыңдоого кызыктарбыз. Анткени Кыргызстан ачык жана конструктивдүү байланышты улантуу менен аймактагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыгын эска алган кызматташууну колдойт»,- деди.

Бөлүшүү