Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын 2,5 %га төмөндөшү катталды.

Муну менен бирге май-июнунда жана сентябрында 0,2 %га керектөө бааларынын өсүшү байкалды.

Республикадагы инфляциялык процесстердин динамикасына азык-түлүк товарларынын бааларынын өзгөрүүсү көбүрөөк таасир көрсөтөт. Анткени алардын үлүшүнө калктын акчалай чыгымдарынын 47 %ынан көбүрөгү туура келет.

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 8 %га төмөндөдү. Белгилеп кетсек, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары январынан баштап төмөндөп келет, бир гана июнунда (мурунку айга салыштырмалуу) аларга болгон баанын 0,4 %га жогорулашы катталды.

Жалпысынан 9 ай аралыгында азык-түлүк товарларынын дээрлик бардык түрлөрүнө баалардын төмөндөшү белгиленди. Баалар олуттуу жумурткага — 11,3 %га, унга — 10,6 %га, орто дандуу күрүчкө — 9,5 %га,  союлган этке — 7,8 %га, сүт жана сүт азыктарына — 8,9 %га, жаѕы бышкан жашылчаларга — 38 %га төмөндөдү.

Баалардын жогорулашы сентябрда былтыркы жылдын декабрына салыштырмалуу гречиха акшагына — 22,8 %га, консерваланган балыкка — 8,4 %га, алмага — 12,1 %га, картошкага — 6,4 пайызга, чайга — 4,2 пайызга, минералдуу сууга жана суусундуктарга — 3,2 %га, консерваланган жашылчаларга — 1,6 %га  катталды.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү