Министр Кашкар Джунушалиев ИИМдин башкы тергөө башкармалыгын, бангизаттарга каршы күрөшүү, кылмыш иликтөө, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине оор кылмыштар боюнча иштердин бетинин ачылбай жатышы, жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту алдын алуулар, баңгизатка каршы күрөшүү иштерин, коомдук коопсуздук, экстремизм жана терроризм ошондой эле кадрдык кызматтарды катуу сынга алды.
Ошондой эле Талас, Ысык Көл, Нарын, Жалал Абад жана Чүй областтык ички иштер башкармалыктарынын жүргүзуп жаткан ыкчам оперативдик иштеринин солгундугуна жана ИИМ тарабынан коюлуп жаткан айрым бир тапшырмалар аткарылбай жаткандыгын да катуу сынга алып, кемчиликтерди жылдын жыйынтыгы менен жоюу талаптарын койду.
Министр өз сөзүндө жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоо, криминалдык коркунучтарга каршы туруу, ички иштер бөлүмдөрүндө кызматтык тартипти бекемдөө, укук бузууларды алдын алуу үчүн мамлекеттик системаны жакшыртуу, көчөлөрдө жана коомдук жайларда кылмыштуулукту болтурбоо боюнча багыттарын баса белгиледи.
Ички иштер бөлүмдөрүнүн айрым жетекчилеринин иштеринде кемчиликтер бар экендиги да айтылып алардын жоопкерчилиги каралды. Коллегиянын чечими менен ИИМдин борбордук аппаратынын жана областык, шаардык жана райондук милициянын жыйырмадан ашык жетекчилери иштеги кетирген кемчиликтери үчун тартиптик жазага кириптер болушту. Коллегияда баса белгиленген кемчиликтерди тез арада жойуу жана кыска мөөнөттө ишти жогорку денгээлде жүргүзүү керектиги эскертилип, иштеги кемчиликтери бар жетекчилерге мөөнөттөр белгиленди.
Коолегиянын жүрүшүндө. Ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн ведомстволук баалоонун жыйынтыгынын негизинде аймактык башкармалыктар төмөндөгүдөй баа (балл) алышты:
1. Ош шаардык ИИБ – 59,1 балл (эң жогорку баа);
2. Ош облустук ИИБ – 52,9 балл;
3. Бишкек шаардык ИИББ – 51,7 балл;
4. Жалал-Абад облустук ИИБ – 51,1 балл;
5. Баткен облустук ИИБ – 47,1 балл;
6. Нарын облустук ИИБ – 42,5 балл;
7. Чүй облустук ИИББ – 42,4 балл;
8. Ысык-Көл облустук ИИБ – 36,9 балл;
9. Талас облустук ИИБ –35,3 балл ( эң төмөнкү баа).