Атамбаев бүгүн “Газпром – балдарга” программасынын алкагында Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда курулган  физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу комплекстин ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы борбор шаардын жашоочулары үчүн жаңы спорт комплексинин ачылып жатышы чоң майрам экенин белгилеп, “Газпром” компаниясынын жетекчилигине жана компаниянын башкармалыгынын төрагасы  Алексей Миллерге өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул физкультуралык-ден соолукту чыңдоочу комплекс Россия Федерациясында эле эмес, Кыргызстанда да жүзөгө ашырылып жаткан “Газпром – балдарга” долбоорунун алкагында курулду.  Дал ушундай комплекс Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында да курулуп, анда Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген спорттук таймаштар өттү. Оюндарга дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн келишкен катышуучулар жана коноктор алдында жүзүбүз жарык болду», — деди Алмазбек Атамбаев.

Президент борбор шаардын жашоочуларын комплекстин ачылышы менен куттуктады.

 

Маалымат: Комплекстин жалпы аянты – 5 миң чарчы метрден ашык. Комплекс бир эле мезгилде спорттун бир нече түрлөрү боюнча машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташкан. Көрүүчүлөр залына 750 адам батат. Имаратта азыркы стандарттарга жана талаптарга шайкеш спорт жабдуулары орнотулган.