Делегацияны премьер-министрдин орун басары Адхам Икрамов жетектеп, курамында Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын жетекчилери, тийиштүү министрликтердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, агартуу, маданият спорт тармагынын өкүлдөрү жана дин аалымдары кирет.

Сапардын негизги максаты – өз-ара достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөө. Өзбекстандын делегациясынын Кыргызстанга жооп сапары коңшу өлкө менен чектеш Ош облусуна жасалат.

Делегацияны КРдин биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган расмий өкүлдөр, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун жетекчилери, коомдук-маданий ишмерлер тосуп алат.

Сапардын жүрүшүндө делегация Ош шаарынын борбордук аянтында өтүүчү маданий-майрамдык иш чарага катышып, Кыргызстан элдеринин Ассамблея өкүлдөрү менен жолугушат. Мындан тышкары Ош шаарынын борбордук аянтында уюштурулган айыл чарба продукцияларынын жарманкесине күбө болот.

Ошондой эле Бабур атындагы драма театрында «Манастын уулу Семетей» аталышындагы театрлаштырылган программа тартууланат.

Андан соң өзбек делегациясы Ош Мамлекеттик Университетинин «Ак- Буура» кампусу менен таанышып, медицина факультетинин студенттери менен жолугушат. Сапардын алкагында делегация өкүлдөрү «Сулайман-Тоо» тарыхый-этнографиялык комплексине барат. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын делегацияларынын эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында документтерге кол коюлат.

Эске салсак, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 1-октябрында өзбек тараптын чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусуна барып, кыргыз-өзбек чекара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышкан.

Бөлүшүү