Кара-Балта шаарындагы Садовая көчөсүндөгү батирлеринин биринде 26-октябрга каргана түнү өрт чыкты.

ӨКМ билдиргендей, өрт тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам чыккан.

Кырсыктын кесепетинен үй ээси Рубан Николай каза болду. Мындан тышкары бөлмөдөгү сыналгы, диван күйгөн.

Бир суткада 15 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү