Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан “Турук” кенин иштеткен “Сардар”ЖЧКсы экологиялык жана техникалык нормаларды одоно мыйзам бузуу менен ишмердүүлүк жүргүзүп келүүдө.

Экотехинспекция билдиргендей, учурда кен казууда “Сардар” ишканасы тарабынан жер кыртышы бузулган, айрым жерлерден суу чыгып, сууну агызуучу каналдар жарактан чыккан жана көмүр калдыктарын сактоочу жайы жок.

Буга байланыштуу кен казууда экологияга олуттуу зыян келтирилүүдө. Ошондой эле ишкананын кызматкерлери ортосунда эмгек келишимдери мыйзамга дал келбейт. Экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча Мамэкотехинспекция тарабынан “Сардар” ЖЧКсына бир айлык мөөнөт берилди. Белгиленген мөөнөттө кемчиликтер жоюулуп, келтирилген зыяндарды калыбына келтирилбесе, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөөрүн Мамэкотехинспекция эскертти.