“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын V съезди өтүүдө.

“Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, Кыргызстандын ар бир мурдагы президенти жана жетекчиси – бул өлкөнүн тарыхый доору. Азыркы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дагы өзүнүн тарыхый миссиясын аткарууда”, — деп билдирди Бакыт Төрөбаев.

Анын айтымында, ар бир саясатчы шайлоонун алдында төш кагып, “мен деле президент боло алам” деп кыйкырганы туура эмес.

«Мамлекет башчысы өлкөнүн кандай болушу керектигин жана жакынкы 10-20 жылда кандай багытта кетиши керектигин так билиши зарыл. Мындай сапаттар ар бир адамга эле таандык боло бербейт. Бирок бүгүн мен так айта алам, биздин партия 2017-жылдын президенттик шайлоосунан четте калбайт. Биз өз талапкерибизди чыгарабыз, же башка, татыктуу талапкерди колдойбуз”, — деди Төрөбаев.

Бөлүшүү