Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев ИИМ кызматкерлерине батир тапшыруу аземинде айтты.

Анын айтымында, Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда 7-апрелге караган түнү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн протокол сурагын алган.

«Карап көрсөм бирөөсүн ата-энеси камсыз кылат экен. Анын балдары бар, бирок балдарын багуу үчүн эч нерсеси жок. Экинчиси болсо аялы бага турганын айтыптыр. Ал экөө тең азыр мультимиллионер. Эмне үчүн 7-апрелге чейин кедей, андан кийин мультимиллионерге айланды», — дейт.

Ал ар бири тарых алдында жооп бере турганына убада берди.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү