ЖКнын конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өтүүдө.

Иш чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жарандык коомдун, жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышып жатат.

Тармактык комитеттин төрайымы Асел Кодуранованын айтымында, парламенттик угууга депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан  шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлору чыгарылат, алар боюнча экспертизалык тыянактар даяр:

— «Президенттин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору;

— «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

— «Кылмыш кодексине жана кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

— «Шайлоо жүрүмү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору.

Парламентте шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлору боюнча баяндамаларды угуу жолжоболору улантылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү