“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын 5-съезди башталды.

Партиянын съездине  Кыргызстандын 7 дубанынан 847 делегат катышууда.

Партиянын лидери Бакыт Төрөбаев жергиликтүү шайлоолорго катышуу алар үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

«Анткени биз 2013-жылы жергиликтүү кеңештерден баштаганбыз жана аймактарда алгачкы МТСтерди ачканбыз. Бүгүн биз аймактык партиядан республикалык деңгээлдеги партияга айландык деп ишенимдүү айта алабыз – муну бардыгы мойнуна алууда!”, — деп билдирди.

Съезддин күн тартибинде үч маселе каралат:

1) партиянын Кыргызстан боюнча келе жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуусу;

2) өлкөдөгү саясий абалды жана партиянын ишмердигин талкуулоо;

3) Бишкек шаарынын партиялык стратегиясын бекитүү. 

Бөлүшүү