Кара-Буура районунун Бакыян, Аманбаев жана Шекер айылдарында мектеп окуучулары менен экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча маалыматтык жолугушуулар болуп, анын алкагында экстремиздин түшүндүрмөсү, келип чыгуу себептерин туурасында талкуу жүрдү.
Талас областык мусулмандар казыятынын кызматкери мектеп жаштарына «Экстремизм жана терроризм-бул Ислам эмес» аталышындагы лекциясын окуп, Ислам дини экстремизм жана терроризмди айыптаарын айтып өттү.
«Чыныгы мусулмандын тилинен да колунан да башкалар зыяны тийбейт. Бир мусулмандын жаны, мал-мүлкү экинчи бир мусулманга арам болуп саналат»,-деди казыят кызматкери Нуржан Мамазалиев.
Муну менен катар бирөөнү кордоо же шылдыңдоо жана мал-мүлкүн зордук менен тартып алуу же уурдоо арам жана чоң күнөө болоорун айтып, окуучуларды ыплас иштерден оолак болууга чакырды. Ал эми келишкен өкүлдөр терс көрүнүштөр, зордук-зомбулук боюнча маалыматтарын айтышып, окуучуларды билим алып, мамлекеттин келечегине салым кошууга чакырышты. Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууга казыяттан, Талас облустук жаштар кенешинен Калыбаев Азамат, ОИИБдин 10-бөлүмүнөн Копжашаров Ильичбек, Кара-Буура райондук администрациянын социалдык тармак боюнча кызматкери жана мектеп жетекчилери катышышты.