Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кытайдын коопсуздук жана терроризм маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чэн Гопин менен жолугуп, терроризмге каршы күрөшүүнүн жолдорун талкуулады.

Андан сырткары тараптар «кызматташтык маселелерин, негизги дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү, анын ичинде коопсуздук көйгөйлөрүн» талкуулашты.

Тажикстан президенти Кытай менен аскердик кызматташтыктын деңгээлине, өзгөчө өлкөнүн Ооганстан менен болгон чек арасын бекемдөө маселесиндеги кызматташууга канааттанарын билдирди. Ал «Тажикстан менен Кытайды эки өлкөнүн пайдасында өнүгүп жаткан тарыхый байланыштар бириктирип турарын белгиледи.

Өз кезегинде Гопин Кытай кол коюлган макулдашуулардын алкагында Тажикстан менен кызматташуусун улантууга кызыкдар экенин жана ал тармакта биргелешкен аракеттерди кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди.

Дүйшөмбүгө болгон сапарында Гопин Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Аслов жана ИИМ башчысы Рамазон Рахимзода менен да жолукту.

Бөлүшүү