Кара-Буура  р­айонунун Бакыян, Аманбаев жана Шекер  айылдарында мектеп окуучулары менен экс­тремизм, терроризмдин   алдын алуу ­боюнча маалыматтык жолугуш­уулар болуп, анын алк­агында  экстремиздин т­үшүндүрмөсү, кел­ип чыгуу себептерин туурасында талкуу жүрдү. 

Талас ­областык мусулмандар ­ казыятынын кызматкери   мектеп жаштарына  «Экстремизм жана  терроризм-бул Ислам эмес» аталышындагы лекциясын окуп, Ислам дини экстремизм жана терроризмди айыптаарын айтып өттү.

«Чыныгы мусулмандын тилинен  да колунан да башкалар зыяны тийбейт. Бир мусулмандын жаны, мал-мүлкү экинчи бир мусулманга арам  болуп  саналат»,-деди казыят кызматкери Нуржан Мамазалие­в.

Муну менен катар бирөөнү  кордоо же шылдыңдоо жана мал-мүлкүн зордук менен тартып алуу же уурдоо арам жана чоң күнөө болоорун айтып, окуучуларды ыплас иштерден оолак болууга чакырды. Ал эми келишкен өкүлдөр терс көрүнүштөр, зордук-зомбулук боюнча маалыматтарын айтышып, окуучуларды билим алып, мамлекеттин келечегине салым кошууга чакырышты. Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууга  казыяттан, Талас облустук ­жаштар кенешинен Калыба­ев Азамат,  ОИИБдин  10-бөлүмүнө­н  Копжашаров Ильичбек, Кара-Буура райондук администрациянын социалдык тармак боюнча кызматкери жана мектеп жетекчилери катышышты.

Бөлүшүү