Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
«Быйылкы Тарых жана маданият жылы жергебизде ата-бабалар мурасынын жанданып жана дүркүрөп өсүш процессине баарыбыз күбө болуп жатабыз. 1916-жылдагы окуялардын жана Үркүндүн 100 жылдыгы, даанышман бабабыз Баласагындын 1000 жылдыгы, ата-бабалар жеринсактап келген Тайлак Баатырдын 220 жылдык маарекеси жана, албетте, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң көрүнүктүү окуялар катары калат», — деп жазылат куттуктоодо.
Анын айтымында, искусство менен адабиятта, кино менен элдик кол өнөрчүлүктө жаңы ысымдар жаралууда.
«Өткөн кылымда Кыргызстанды ааламга тааныткан “кыргыз кереметине” жаңы өмүр киргизип жаткан жаштарыбыздын алды дүйнөлүк кино өнөрүнүн туу чокусуна ат салыша баштады.Мындан тышкары Атай Өмүрзаковдун бийчилер тобу, квнчылардын “Азия-микс“ командасы, “Тумар” бийчилер тобу, “Маш ботойду” дүйнөгө дүӊгүрөткөн 1000 комузчу Кыргызстанды сыртка таанытып, өлкөбүздүн жаңы образын түзүп жатышат. Сиздерге жалпы элибиздин атынан алкыш», — дейт ал.