Үй-бүлөнү, энеликти, аталыкты жана балалыкты коргоо максатында үй-бүлө кодексине, дагы башка бир катар мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу кеңири маалымат берип, демилгечи «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров бүгүн “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөндөй, бардык билим берүү мекемелериндеги күндүзгү формада акы төлөө негизинде окуп жаткан толук эмес үй-бүлөдөн чыккан 18ден 24 жашка чейинки муктаж болгон улан-кыздар дагы  алар менен чогуу жашабаган атасынан же энесинен каражаттык колдоо алып туруш керек.

“Негизи эле жашы жетпеген балдарды багууга каражат төлөөдөн кыянаттык менен качуу — үй-бүлөлүк мамилелер жаатындагы эң кеңири жайылтылган кылмыш болуп саналаары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-статьясында көрсөтүлгөн. Алсак, 2015-жылдан тартып 2016-жылдын мартына чейинки мезгилдин ичинде жогоруда аталган берене боюнча прокуратура органдарына 42 материал, ички иштер органдарына 350 материал жиберилген”,- дейт Сабиров.

Ошондой эле депутат,- алимент төлөөдөн качкан тараптарды таап, алардын жоопкерчилигин кароодо аларды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу, насыя ала турган болсо андай укуктарына чектөө киргизүү жана чет мамлекеттерге чыгуусуна тоскоолдуктарды жаратуу зарылчылыктарын атады.

“Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу” мыйзамга да толуктоолор сунушталууда. Анда Кыргыз Республикасынын Соттук департаментинин расмий сайтына карызкор жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу шарттары ишке ашат.  Бул алименттик милдеттенмелерди кыянаттык менен төлөбөө учурларын болтурбоо максатын көздөмөкчү. Болбосо, айрым учурларда карызкорлор мүлкү же иши жоктугун шылтап алименттерди төлөөдөн качып жүрүшөт.

 

Бөлүшүү