«Кыргыз Республикасы Кытай менен соода-экономикалык өнөктөштүктү жана жалпы аймактагы интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн реалдуу жана узак мөөнөттүү экономикалык кызыкчылыктарды көздөйт», – деп билдирди премьер-министрдин милдетин аткаруучу  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Кытай премьери Ли Кэцян менен болгон жолугушууда.

Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын июнь айындагы КЭРдин Тяньцзин шаарында орун алган жолугушуу келечектеги кыргыз-кытай өз-ара аракеттешүүсүн чыңдоо боюнча келишимдерди ишке ашыруу боюнча бирдиктүү пикирге келүүгө мүмкүндүк бергендигин канагаттануу менен белгиледи. Ал учурдагы кыргыз-кытай мамилелеринин абалы кызматташтыктын жогорку деңгээлинде экендигин билдирди.

«Мунун өзү эки мамлекет жетекчилеринин жолугушуулары аркылуу, ошондой эле биз сиз менен баарлашуунун ар-кыл форматтарында каалаган маселелерди ишенимдүү түрдө талкуулай ала тургандыгыбыз аркылуу тастыкталууда. Мындан тышкары, жакында ШКУ алкагында, ошондой эле кезектеги Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиясынын алкагында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин илим жана техника министрлеринин жолугушуусу, тышкы экономикалык ведомство башчыларынын, улуттук банк төрагаларынын кеңешмелери эки тараптуу соода-экономикалык аракеттешүүнү активдештирүүнүн жана тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн ачыктады», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы экономикалык мамилелердин өнүгүүсүнө жаңы дем берилип, эки тараптуу кызматташууунун жаңы барагы ачылышына ишеним билдирди.

«Менин ишенимимде, бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы эки тараптуу экономикалык мамилелерибиздин өнүгүүсүнө жаңы дем берилип, кызматташууунун жаңы барагы ачылат. Бүгүн биздин алдыбызда көптөгөн милдеттер турат, аларды жакынкы арада макулдашылган кадамдар жана жалпы кызыкчылыктарды эске алуу менен ишке ашыруубуз керек. Бүгүнкү күнгө карата биздин алдыбыздагы негизги милдет – ортодогу ишенимди сактап калуу жана учурдагы долбоорлорду улантып кетүү. Биздин көп кылымдык тарыхыбыз көрсөтүп тургандай, каатчылык абал келип-кетип турат, ал эми эки тараптуу кызматташуунун негизи чыңдалып, өнүгүүсү тийиш», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү