Жыл сайын 8-ноябрда Кыргызстанда саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап жатканда айтты.

«Бул күнү биз өлкө тарыхындагы кайгылуу учурду – он миңдеген жазыксыз адамдар репрессияларга кабылган, ак жерден кылмышкер аталып, колонияларга, лагерлерге жана сүргүнгө айдалып, абактарга камалган, өмүрлөрү кыйылган мезгилди эскеребиз. Репрессияга туш болгондор көргөн азап-тозокту алардын туугандары жана жакындары кошо тартышкан. Нечен күнөөсүз адамдарга “эл душманы”  жана “эл душманынын куйруктары” деген жарлык тагылды. Миллиондогон адамдар террордун жана жалган жалаанын курмандыктары болушту», — деп айтылат кайрылууда.

Анын айтымында, трагедиялар, оор сыноолор элди сындыра алган жок.

«Алар элдин жүрөгүндө эркиндикке болгон умтулуусун ого бетер күчөтүп, өзүм билемдикке жана авторитаризмге каршы жек көрүүнү ойготту. Апрель элдик революциясынан кийин Кыргызстан үчүн кайра жаралууга карай жол ачылды, элдин бакубат жашоого болгон үмүтү кайра жанды. Андан бери өткөн 6 жылдан соң Кыргызстан мамлекет катары бутуна бек тура баштады, эми биздин милдетибиз — тандаган жолубуздан тайбай Кыргызстанды өнүккөн, демократиялык мамлекетке айландыруу.  Бирок бул максатка жетүү үчүн али көп иштерди жасоо керек», — деди ал.

Бөлүшүү