Жогорку соттун төрагасынын орун басары, жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Качыке Эсенканов Израилдеги, Хайфа шаарында “Адамдарды сатууга каршы күрөшүндөгү сот органдарынын чечүүчү ролу” деп аталган судьялар үчүн өтүп жаткан үчүнчү эл аралык семинарына катышууда.

Иш чаранын негизги максаты жазык иштери боюнча активдүү судьяларды, ошондой эле сот ишмердигин окутууга катышкан судьяларды окутуу жана даярдоо болуп саналат.

Иш чаранын уюштуруучулары: Өнүгүү тармагында эл аралык кызматташуу боюнча Израиль агенттиги (MASHAV), Golda Meir Mount Carmel атуу эл аралык окуу борбору жана Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча ЕККУнун атайын өкүлүнүн жана координаторунун Бюросу менен биргеликте, кылмыштуулук жана баңгизаттар боюнча БУУнун башкармалыгы жана Эл аралык миграция уюму.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү