Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы курамы менен тааныштырды.

  • Премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков (КСДП)
  • Биринчи вице-премьер-министр – Мухаммедкалый Абулгазиев (КСДПнын квотасы)
  • Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов (КСДП)
  • Чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков (КСДП)
  • Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова (“Кыргызстан”, буга чейин Гүлмира Кудайбердиева болгон)
  • Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (“Кыргызстан”, буга чейин Эльвира Сариева болгон)
  • Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”, буга чейин Кудайберген Базарбаев болгон)
  • Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев (КСДП)
  • Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (КСДП)
  • Маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков (КСДП)
  • Транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов (КСДП, буга чейин Замир Айдаров болгон)
  • Ички иштер министри – Улан Исраилов (КСДП, буга чейин Кашкар Жунушалиев болгон)
  • Юстиция министри – Уран Ахметов (КСДП) (буга чейин Жылдыз Мамбеталиева болгон)
  • Каржы министри – Адылбек Касымалиев (КСДП)
  • Экономика министри – Арзыбек Кожошев (КСДП)
  • Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов (КСДП)
  • Саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев (КСДП)
  • Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри — Нурбек Мурашев (“Бир бол”, буга чейин Турдуназир Бекбоев болгон)