ЖК жыйынында өкмөттүн курамы каралып жатканда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ИИМ министрлигине талапкер болуп жаткан Улан Исраиловго суроолорду берип, ал жооп бере алган жок.
Суроолору төмөндөгөй болгон:
«Өкмөттүн канча мүчөсү бар? Канча министрлик бар? Атамбаев укук коргоо органдары кризисте калды деди, кайсы кризисти чечесиз?», — деп берди.
Ошондой эле эл өкүлүнүн айтымында, Исраилов аны камоо тапшырмасы менен келип жатат.