ЖК жыйынында «Бир бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров парламент менен өкмөт жаңы форматка өтүү керек деген сунушун айтты.
«Өкмөт өкүлдөрү комитеттердин, фракциялардын отурумуна катышсын. Бирок палата отурумуна өкмөт аппаратынын жетекчилери жана министрлер катышышы керек. Биздин суроолорубузга жооп беришсин. Премьер-министрге жазсак, ал өзү жооп берсин, министрге жазсак өзү жооп берсин», — дейт Жапаров.
ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков формат мурда эле каралганын айтты.
«Эми өкмөт менен жаңы форматта иштейбиз. Ар бир аптада парламенттик отурумда бир мекеменин депутаттардын суроолоруна жооп берет. Эгерде силер сунушту колдосоңор ушундай форматта иштейбиз», — дейт Турсунбеков.