16-17-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорундо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат.
Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.