2 млн доллар пара алууга шектелип кармалган экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаев “Роснефтинин” өкүлдөрүн опузалаган.

Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Мекеме бул маалыматты Улюкаевдин телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоо учурунда алды жана кылмыш ишине тиркеди. Министр эмне деп коркутканы ачык айтылган жок.

Алексей Улюкаевдин кармалганы 15-ноябрга караган түнү белгилүү болду. Тергөө версиясы боюнча аткаминер эки миллиард долларды “Роснефтиге” “оң баа” бергени үчүн алган. Министрликтин мындай бүтүмү менен октябрда компания “Башнефтиге” ээлик кылып калган.

«Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, Улюкаевге параны “тергөө эксперименти” учурунда беришкен.