Бул тууралуу конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Ошентип, жаӊыдан депутат болуп келген Нурмахаммат Баяхунов (КСДП фракциясы) агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин, Музаффар Исаков (КСДП фракциясы) конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин, Айтмамат Назаров («Кыргызстан» фракциясы) Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин мүчөсү болуп калышы мүмкүн. Бул маселени Жогорку Кеӊештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Андан сырткары, парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир катар тармактык комитеттердин төрагаларынын алмашуусу да күтүлүүдө.