Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысына мекеменин мектеп билим берүүсүнүн сапатын арттыруу боюнча иш чаралар комплексин мындан ары ишке ашыруу пландары тууралу маалымат берилди. Бул чаралар мугалимдин эмгегин баалоону, мектептерди профилдештирүүнү жана жаңы муундагы предметтик стандарттарды киргизүүнү  максат кылат.

Гүлмира Кудайбердиева президентке жогорку билим берүү системасында реформаларды жүргүзүү,  жогорку окуу жайлар түйүндөрүн этап-этабы менен заман талабына ылайыктоо жана алардын уюштуруу-башкаруу түзүмүн өркүндөтүү боюнча алдыдагы иш багыттары тууралу айтып берди.

Атамбаев билим берүү чөйрөсүндөгү реформалар билим берүү сапатын арттырууга, коррупцияны жоюуга жана мамлекет берген каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталыш зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү