Изилдөө боюнча кызматташуу жана Жапонияда изилдөө иштери уюму улуттук илимдер академиясынын илимпоздоруна илимий иш жүргүзүүнүн шарттары менен тааныштырды.

Уюмдун Пекин офисиндеги директору Куро Хирото 15-ноябрда өткөн бул жолугушууда төмөнкүлөргө токтолду.

“Биздин уюм төрт багытта иштейт. Бул изилдөөгө тийиштүү демилгелерди финансылоо, окумуштуулардын жаңы муунун даярдоо, эл аралык  кызматташтыкты кеңейтүү, университеттеги реформаларды жайылтуу. Биздин уюмга Кыргызстандан аз арыз түшүүдө. Бирок биздин уюм да дүйнөдөгү буга окшогон башка уюмдардан кем калышпайт”, — деди.

Изилдөө боюнча кызматташуу жана Жапонияда изилдөө иштери уюму быйыл физиология жана медицина жаатында Нобель сыйлыгын алган Ёсинори Осуминин изилдөөлөрүн да каржылап келишкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү