Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган иш сапары менен Өзбекстанга келди.
Ал кечээ кечинде учуп келген.
Бүгүн анын Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлер менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Эрдоган ошондой эле Өзбекстанды 25 жыл бою башкарган өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө барууну пландоодо.
Түрк президенти Өзбекстанга Пакистандан учуп келди. Ал 17-ноябрда пакистан парламентинде сүйлөп жатып Батышты ислам дүйнөсүндө башаламандыкты жайылтууга көмөктөшүүгө айыптады. Ал «экстремизмге каршы чогуу күрөшүү» үчүн мусулмандарды келише албастыктарды жоюга чакырды.