Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Ал билдиргендей, прокуратура кызматкерлеринин калыстыгы жана объективдүүлүгү, компетенттүүлүгү жана өз милдеттерин так аткаруусу, кызматтык милдетке берилгендиги жана жеке тартиби бул иштин ийгилигинин чечүүчү факторлору болуп эсептелет.

«Сиздердин билимиңер, тажрыйбаңар жана тайманбастыгыңар биздин сүйүктүү мекенибизге – Кыргызстанга кызмат кылууга, аны бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталарына терең ишенем. Дагы бир ирет сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм! Прокуратура органдарынын бардык кызматчыларына ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Мыйзамдын ишенимдүү сакчыларынын ардактуу наамы ар дайым силердин жооптуу ишиңерде күч-кубат берип, энергия жана оптимизмди жаратып турсун», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Бөлүшүү