«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоого документтерди топтоону баштады.

Текебаев бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Материалдарды чогултуу иштери 2017-жылдын март айында аяктайт. Мыйзамга боюнча, президентке импичмент жарыяланган кийин кызматтан кеткенде ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, ал жарандык активисттерге, бейөкмөт уюмдарга, парламент депутаттарына кайрылып, импичмент жарыялоого жардам колдоо көрсөтүүгө чакырды.

 

Бөлүшүү