Бул туурасында бүгүн өткөн маалымат жыйында БШКнын Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратов билдирди.

Анын  айтымында Ошто КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Референдумду өткөрүүнү уюштуруу аяктап, шаардагы 73 шайлоо учаткасында азыркы тапта кызуу  даярдыктар жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

“Референдумга учурда Ош шаары даяр. Жалпысынан 73 шайлоо учаткасы бар. 364 оператордун тизмеси такталып, атайын окуудан өткөрүлгөн”, — деди Муратов.

Ал эми шайлоочулардын тизмеси жана аларга түзүлгөн ыңгайлуу шарттар туурасында Ош шаардык паспорт жана виза бөлүмүнүн башчысы Ренат Алиев маалымат берди.

“Азыркы тапта Ош шаары боюнча 118 987 шайлоочу катталды. 26-ноябрь тизме так бекитилет. Анткени, жарандар №2 жана №3 формалары менен шайлоого катышууга арызын берип жатышат. Ошондой эле, биометрикалык каттоодон өтбөгөн жарандар референдумга катыша албайт”, — деди Алиев.

Ага утурлай, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын техникалык бөлүмүнүн башчысы Ороз Куштобаев №2 жана №3 форманын бланкаларын жашаган жериндеги шайлоо участкаларына барып, арыз менен кайрылып, шайлоочулардын тизмесине кошулса боло тургандыгын айтты. Ал эми биометрикадан өтбөгөн жарандар үчүн шаардагы паспорт жана виза бөлүмүндө жана жогорку окуу жайларына жабдыктар коюлгандыгын билдирди.

Айта кетсек, 16-ноябрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Референдум өткөрүү боюнча жыйын өткөрүп,   участкалык комиссияларга бекитилген ар бир жооптуу кызматкер ошол участоктогу иштерди уюштурууну, ар бир жооптуу кызматкер тиешелүү мекеменин, уюмдун, ишкананын жетекчилиги менен биргеликте добуш берүү участкасынын жабдылышын (зарыл бөлмө, добуш берүү жайы, техникалык жана автотранспорт каржаттары, телефон байланышы, операторлор, электр энергиясы ж.б.) камсыз кылууну, участкалык комиссиялардын ишин сапаттуу уюштурууну, коомдук тартипти камсыз кылууну, добуш берүү участкаларын кошумча генератор, жетиштүү сандагы электр жабдыктары менен камсыз кылууну тиешелүү жетекчилерге табыштаган.