3-4-декабрда Ашхабадда «Түркмөнстандын пахта өндүрүмү жана дүйнөлүк базар» аталышындагы эл аралык VI көргөзмө өтөт.

Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Түркмөн бийлигинин билдирүүсү боюнча жыл сайын өтчү иш-чара тажрыйба алмашуу, чет элдик кызыкдар өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү, пахта өндүрүү жана кайра иштетүү тармагында өлкөнүн жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн маанилүү.

Түркмөнстандын пахтасы Мамлекеттик соода биржасы тарабынан Кытайга, Орусияга, Улуу Британияга, Түштүк Кореяга, Түркияга, Иранга, Индонезияга, Сингапурга, Украинага жана Балтика өлкөлөрүнө сатылат.

Совет мезгилинде түркмөн пахтасы негизинен борборго жөнөтүлүп, республикада иштетилчү эмес. Мамлекет эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин өлкөдө текстиль фабрикалары курулган.

Жергиликтүү булактардын билдирүүлөрү боюнча жумушсуздук кеңири жайылган айылдарда пахта өстүрүү балдар эмгеги пайдаланылган тармак бойдон калууда.