Бүгүн түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде -10…-15° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -5…-10° суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо -13…-18° суук, бийик тоолуу райондордо -20…-25° суук чейин төмөндөшү күтүлөт.
Күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде -3…-8° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…-5° суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо -10…-15° суук чейин төмөндөшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2016-жылдын 22-ноябрынан 23-ноябрына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-275 чакырымдары жана Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолундагы 65-90 чакырымдары, Нарын Казарман автоунаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарыжана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-92 чакырымдарындагы автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.