Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров айтымында, калктын 52 %ын түзгөн аялдардын 95 миңи жумушсуз.

Министрлик жакырчылык менен күрөшүү максатында 2014-жылдан тарта «Аялдар ишмердигин өнүктүрүү» долбоорун Жапон фондду менен ишке ашырып келет.

Абакиров билдиргендей, долдоорду ишке ашыруу үчүн 1, 5 млн доллар бөлүнгөн.

«Жумушсуз аялдардын көпчүлүк бөлүгү айыл жергесинде. Алардын 20%ы жогорку билимдүү болсо, 19%ы орто билимдүү», — деп билдирди.