Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн коргоо кеӊешинин катчысы Темир Жумакадыров менен куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы  Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысына аскер техникасы менен куралдарды кайра тактоо иштеринин жүрүшү жана ок-дарылар менен аскердик жабдуу каражаттарын сактоо эрежелерин катаалдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу маалымат берилди.

Атамбаев мындан тышкары  коргоо кеӊешинин катчысы жана куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы  менен аскердик реформанын жүрүшүн жана куралдуу күчтөрдү мындан ары өнүктүрүүнүн пландарын талкуулады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү