Украина визасыз режимге ээ болуу боюнча Европа биримдигинин бардык талаптарын аткарды.

Бул тууралуу Европа кеңешинин президенти Дональд Туск билдирди.

Дональд Туск бир катар кыйынчылыктар жана пикир келишпестиктерге карабай, жыл аягына чейин Украинага визалык жеңилдиктерди берүү өтө маанилүү экенин айтты. Мындай пикирин ал 24-ноябрда Брюсселде өткөн Украина-ЕБ саммитинин алкагындагы маалымат жыйыны учурунда билдирди. Ага Украина президенти Петр Порошенко, Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц, Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер катышты.

Туск учурда үчүнчү өлкөлөр үчүн визасыз режимди токтотуу механизмдерин иштеп чыгуу керектигин, бул маселе ЕБ түзүмдөрү менен бирге каралып жатканын маалымдады. Анын белгилешинче, визасыз режимди токтотуу механизмдери боюнча чечим ушул жылдын аягына чейин кабыл алынышы керек.

Украина визасыз режимге жетүү үчүн европалык стандарттарды сактаганын, бардык иштерди толук аткарганын кошумчалады. Туск билдиргендей, уюмдун виза саясаты боюнча мындан аркы дискуссиясы ЕБге мүчө өлкөлөр менен Европа парламентинин ортосунда болот.

«Эң биринчи биз Ассоциация жөнүндө ратификациянын так перспективалары боюнча макулдаштык. Бул келишим жаңы Украинанын символу болуп калды… Украина жана ЕБ келишимдин мазмуну боюнча бирдей позицияга ээ. Бул кандай жагдай болсо дагы кайра жазылбайт, каралбайт же кайра ратификациядан өтпөйт”, деди Порошенко.

ЕБ менен Украина ортосунда визасыз режимди киргизүү президент Петр Порошенконун шайлоо алдындагы негизги демилгелеринен болчу. Ал алгач келишим 2015-жылдын соңунда, кийин 2016-жылы кабыл алынат деп сөз берген.

Бөлүшүү