Кыргызстан Кытайдан интернет алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Маселенин деталдары премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуанын Бишкектеги жолугушуусу учурунда талкууланды.

2016-жылы августта Кыргызстандын Байланыш операторлор ассоциациясы казак интернет провайдерлери интернетке болгон бааны кымбаттатканын жарыялаган.

Мындан соң “Кыргызтелеком” жаңы тарифтер боюнча келишим түзүп, бир мегабити 13 доллардан 30 долларга чейин кымбаттаган.

Бирок өткөн жумада Башкы прокуратура келишим мыйзамсыз түзүлгөн деген жүйө менен кылмыш ишин козгогон. Келишим түзүүнүн жыйынтыгында G.К.S.G жана «К.Т.К» компанияларына ашыкча 275 миңден ашуун доллар төлөнүп берилгени маалымдалган.

Бөлүшүү