Быйылкы жылдын январь-сентябрында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы былтыркыга салыштырмалуу 16,6 %га  кыскарып, 535,3 млн долларды түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (дээрлик 93 %ы) финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, ошондой эле электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу) багытталды. Муну менен бирге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган инвестициялардын көлөмү 2,3 эсеге көбөйдү, ал эми геологиялык чалгындоого, тескерисинче – 1,7 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 21 %га,  электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу) – 19,7 %га  төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн ичинен негизги инвестор – түшүү көлөмү 8,1 эсеге өскөн Кытай болуп эсептелди. Муну менен катар, Улуу Британиядан, Канададан жана Туркиядан түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү олуттуу кыскарды, бул жалпысынан КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген инвестициялардын төмөндөшүн шарттады.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 1,5 эсеге өскөн, мында Россия (түшүү көлөмү 2 эсеге өскөн) жана Казакстан (түшүү көлөмү 8,8 пайызга өскөн) негизги инвесторлор болуп саналышты. Муну менен бирге, Беларустан түшкөн тике инвестициялардын  көлөмү олуттуу кыскарды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү