КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бүгүн Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Микаэл Ру менен жолугушту.
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өлкөдөгү комдук-саясый абал тууралуу учкай маалымат берди. Ал 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана КР Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтө тургандыгын белгиледи.
“Конституцияга сунушталган түзөтүүлөр өкмөт менен парламентти бекемдөөгө багытталган, ошондой эле укук коргоо органдары менен сот органдарына түп тамырынан бери реформа жасоого өбөлгө түзөт”.- дейт Иса Өмүркулов.
Мындан сырткары, фракция лидери Кыргызстандын шайлоо системасына добуш берүүдө жана аладрдын жыйынтыктарын чыгарууда мыйзам бузуулар, бурмалоолор болбош үчүн шайлоочулардын идентификациясын (биометрикалык маалыматтары) аныктоодо автоматташтырылган технология киргизилгендигин кошумчалады.
Франциянын элчиси Микаэл Ру Кыргызстанда демократиялык процесстер акырындап өнүгүп бара жаткандыгын, өзгөчө, сөз эркиндигинин баалуулугун билдирди.
“Мына ушундай жагдайлар менен Кыргызстан уникалдуу”,- дейт ал.
Ошону менен катар дипломат Франциянын Кыргызстандын өнүгүшүнө мындан ары дагы кол кабыш кылууга даяр экенин айтты.
Мындан сырткары тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер менен парламенттер аралык кызматташууларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле гидроэнергетика, тоокен өнөржайы, туризм жана энергиянын кайра жаралуу булактары чөйрөсүндөгү экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жаатында пикир алышты.