Бүгүн ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар Талас облусунун активи, облус тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда облус тургундары суу, бала бакча, мектеп, жол, оорукана жана тез жардам сыяктуу бир катар социалдык маселелерди көтөрүп, ушул жылдын 11-декабрында өтө турган референдумга жана Конституцияга киргизилүүчү түзөтүүлөргө байланышкан суроолорун узатышты.

Турсунбеков башмыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдүн максаты өлкөдөгү туруктуулукту сактоо экенин билдирип, алдыда өтө турган референдум парламенттик демократиянын өнүгүшүнө жол ачаарын белгиледи.

«Ынтымагы бар элдин бактысы ашып мол болот», — деген Чыныбай Турсунбеков жалпы шайлоочуларды референдумга байланыштуу ынтымакка чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын көтөргөн социалдык көйгөйлөрүнүн айрымдарын жеринде чечүү тапшырылып, бир катар маселелер жумушчу сапарда катышып жаткан аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө багытталды. Эл өкүлдөрү облустун көйгөйлүү маселелеринин чечилишин тыкыр көзөмөлгө алаарын айтышты.