Тажикстандын Дангар эркин экономикалык аймагында курулуп жаткан ири мунай заводун пайдаланууга берүү мөөнөтү кайрадан узартылды.

Ишкана ишин ушул жылдын июнунда эле башташы керек болчу, бирок каржы көйгөйлөрү объектини тапшырууну кечеңдетүүгө аргасыз кылган.

«Дангара» эркин экономикалык аймагынын төрагасы Сафарали Тайфуров каржы көйгөйлөрүнөн улам мунай заводунун курулушун аяктоону дагы үч-төрт айга жылдырууга туура келгенин айтты. «Нооруз майрамынын алдында завод пайдаланууга берилет деген ойдомун»,- деди ал.

Каражаттын жетишсиздигинен улам сентябрда кытай адистери менен коштошууга туура келген. Заводдун жетекчилиги жергиликтүү банктардан насыя суроого мажбур – алар дагы деле «Агроинвестбанктан» заводдун курулушу үчүн бөлүнгөн 12 миллион долларды ала албай келишет. Адистердин айтымдарында, учурда «Агроинвестбанктын» абалы оор жана банкрот болуунун алдында турат.

Долбоорго ылайык, Дангардагы мунай заводу жылына 1 миллин 800 миң тонна мунай өндүрүп, бензин менен Тажикстанды гана эмес, коңшу Ооганстан менен Пакистанды да камсыздашы керек. 45 гектар аянтка курулуп жаткан заводдо алгач 600 адис жана жумушчу иштеп, кийин алардын санынын көбөйүшү күтүлүүдө.

«Дангара» эркин экономикалык аймагы 2009-жылдын февралында 150 гектар аянтта түзүлгөн – учурда анда жыйырмадан ашык ири ишкананын курулушу жүрүүдө. Тажикстанда үч эркин экономикалык аймак бар — “Пяндж”, “Ишкошим” жана “Согд”.